18.12.2018 10:34

Кыргыз мигрант кызы тууралуу тасма «Оскар» сыйлыгына талапкер тасмалардын тизмесине кирди

Кыргыз мигрант кызы тууралуу тасма «Оскар» сыйлыгына талапкер тасмалардын тизмесине кирди

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун кыргыз кызы тууралуу тарткан «Айка» драмасы «Оскар»  сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» наамы үчүн ат салышкан 9 тасманын катарына кирди. Тизмени The Hollywood Reporter журналы жарыялады.

Кинотасма Казакстандын атынан көрсөтүлүүдө. Тандамал тизмеге кирген тасмалардын катарында дагы 8 тасма бар. Алар: Birds of Passage (Колумбия), «Күнөөлүү» (Дания), Never Look Away (Германия), «Шоплифтерлер» (Япония), «Капернаум» (Ливан), «Рим» (Мексика), «Жалындоочу» (Түштүк Корея), «Саясий согуш»  (Польша) тасмалары.

АКШнын киноакедемиясынын сыйлыгына 5 талапкер 22-январда жарыяланат.  «Оскар» сыйлыгын тапшыруу 24-февралда өтөт. 

Фильм «Айка»тасмасында Москвада мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн кыргыз кызы тууралуу баяндалат. Күтүүсүздөн кош бойлуу болуп калган Айка төрөгөн соң баласын төрөт үйүнө таштап кетет. Убакыттын өтүшү менен энелик сезими тынчтык бербей, баласын издеп баштайт.